SerepTV Logo

Гипертониялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар дарыларды жарым баасына сатып ала алышат

Гипертониялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар дарыларды жарым баасына сатып ала алышат
Гипертониялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар дары-дармектерди жарым баасына сатып алышса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык камсыздандыруу боюнча федералдык фонду билдирди. Маалыматка ылайык, мындай шартты колдоно турган бейтап камсыздандырылган жана Үй-бүлөлүк медицина борборуна катталган болушу керек. Бейтаптар жарым баасына алууга мүмкүн болгон дары-дармектердин тизмеси:
  • ацетилсалицил кислотасы (же ацекардол, аспикард, аспирин кардио, тромбо асс, тромбопол);
  • амлодипин (же адипин, амлорус, амод, авторекс, тенокс, короним, амлокс);
  • аторвастатин (же арвастатин, аторек, аторвакор, рестатор, арвастатин, аторис, торвитин);
  • бисопролол (же беландж, бидоп, бисомор, бисопрол, бисопролол лек, бисотекса, конкор, конкор кор, эмкор, нипертен, ризопрол);
  • изосорбид динитраты (же кардикет, изо-мик, изокет);
  • индапамид (же арифон ретард, индабрю, индапамид ср, индап, флюпамид sr, sr-индамед);
  • лизиноприл (же багровен, лизинокор, листрил);
  • нифедипин (же кордипин ретард, нифекард хл, коринфарм);
  • эналаприл (же берлиприл 10, карлон, эдниприл, эднит, эналаприл-акос, энап);
  • эналаприл+гидрохлортиазид (же карлон плюс, энап-н, энап-нл);
  • гидрохлортиазид.
   
Unknown Author