Гинекологдун жана маммологдун акысыз консультациясы кайсы даректерде болот?
1-февралдан 7-февралга чейин Кыргызстанда ракка каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата онкологиялык оорулар тууралуу маалымдоо жумалыгы башталат. Анын алкагында кампания уюштурулуп жатат.
Анда аялдар гинекологдордун жана маммологдордун акысыз консультациясын ала алышат. Скрининг жана консультациялар саат 09:00дөн 13:00гө чейин өтөт.
Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлору (ҮМБ):
- ҮМБ №1: Фучика көч., 15
- ҮМБ №2: 3-линия көч., 25
- ҮМБ №3: Логвиненко көч., 30
- ҮМБ №4: Чүй проспекти, 40
- ҮМБ №5: Кольбаев көч., 42
- ҮМБ №6: Т. Жукеев Пудовкин көч., 75
- ҮМБ №10: Свободная көч., 9
- Студенттик поликлиника: Рыскулов көч., 8