SerepTV Logo

Германия Кыргызстанга коронавирустун штаммдарын аныктаган реагенттерди берди

Германия Кыргызстанга коронавирустун штаммдарын аныктаган реагенттерди берди
Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктоо үчүн реагенттерди алып берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 14-майда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Германия менен Орусиянын эл аралык адистери менен жолуккан. "Ушул жылдын 10-майында Кыргызстанга германиялык бир нече окуу жайлардын медицина өкүлдөрү келишкен. Адистер Кыргызстандын лабораторияларынын кызматкерлерин штаммдарды аныктоого окутуп жатышат. Эми жардам катары берилген реагенттер Кыргызстандын аймагында коронавирустун штаммдарын аныктоого жардам берет", — деп айтылат маалыматта. Жабдыктан сырткары, лабораторияга 50 миң ПЦР-тест тапшырылган.