SerepTV Logo

"Генератор иштебей калган". Кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап каза болгонун айтышты

"Генератор иштебей калган". Кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап каза болгонун айтышты

Кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап генератор иштебегендиктен каза болгон. Мындай маалыматты кечээ, 30-сентябрда Twitter соцтармагына колдонуучу жазып чыкты. 

«Апама кесиптеши каза болгонун жазышты. Ал кычкылтек аппаратына туташтырылган эле, жарык өчкөндө генератор иштебей, бейтапка аба жетпей калган", - деп жазды ал. 

Ал эми Улуттук энергетикалык холдинг билдирген маалымат боюнча, биринчи категориядагы бардык объекттер — ооруканалар жана дары-дармектер сакталган имараттарда электр жарыгы өчүрүлбөйт. Авариялык учурда кошумча булактар болушу керек. Бул медициналык мекеменин администрациясынын жоопкерчилиги экенин билдиришти.