SerepTV Logo

Футбол: Бүгүн Бишкекте Тоголок Молдо көчөсү жабылат

Футбол: Бүгүн Бишкекте Тоголок Молдо көчөсү жабылат

Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 17:00дөн 23:00гө чейин жабылат. 

Маалыматка караганда, бул Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүүчү эл аралык "Үч улуттун кубогу" турнирине байланыштуу. Кайгуул кызматы айдоочулардан чектөөлөрдү түшүнүүнү жана маршрутту алдын-ала пландаштырууну суранат.