Freedom House: "Кыргызстан "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарына кирди"
Акыркы бир жылда Кыргызстанда эркиндиктин деңгээли кескин начарлап кетти. Бул тууралуу эл аралык Freedom House бейөкмөт уюмунун "Дүйнөдөгү эркиндик - 2021" жылдык отчетунда айтылат.
Республиканын рейтинги 11 пунктка төмөндөгөн, ушул себептен өлкө Борбор Азиянын калган өлкөлөрү менен катар "эркин эмес" категориясына кирген.
Кыргызстандагы эркиндиктин деңгээли 100 баллдан 28 балл (2020-жылы 100дөн 39), саясий укуктар 40 баллдан 4 балл, жарандык эркиндиктер - 60 баллдан 24 балл деп бааланган.
«Кыргызстандын статусу «жарым-жартылай эркин» деген позициядан «эркин эмес» деген деңгээлге түштү. Анткени терең ката кетирилген парламенттик шайлоонун кесепеттери олуттуу саясий зомбулук жана коркутуп-үркүтүү менен мүнөздөлгөн, бул улутчул лидердин жана соттолгон кылмышкердин бийликти басып алышына алып келген анын жактоочулары түрмөдөн бошотушту», - деп белгилешет докладдын авторлору.
Жалпысынан отчеттун авторлору белгилешкендей, "эркин эмес" статусун алган өлкөлөрдүн үлүшү 2006-жылы кырдаал начарлай баштагандан бери эң жогорку деңгээлге жеткен. Докладда камтылган 195 көз карандысыз мамлекеттин 54ү учурда "эркин эмес" статусуна ээ. Алар дүйнө калкынын 38 пайызын түзөт, бул эң жогорку көрсөткүч.
"Дүйнө жүзүндөгү антидемократиялык лидерлер пандемияны саясий оппозицияны алсыратуу жана өз бийлигин чыңдоо үчүн колдонушту",- деп билдиришти укук коргоочулар.