SerepTV Logo

Филология илимдеринин доктору, профессор Раимжан Эгембердиев көз жумду

Филология илимдеринин доктору, профессор Раимжан Эгембердиев көз жумду
Филология илимдеринин доктору, профессор Раимжан Эгембердиев 81 жашында дүйнө салды. Ал  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиевдин атасы. "Манас" изилдөөчү да катары таанымал Раимжан Эгембердиев 1940-жылы 21-январда Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылында төрөлгөн. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплом менен аяктаган. Кыргыз радиосунда, "Кыргызстан" басмасында редактор болуп эмгектенген. 1975-жылдан 1993-жылга чейин Кыргыз улуттук университетинин аспирантурасын аяктап, аталган окуу жайдын филология факультетинде ага окутуучу, доцент болуп иштеген. 1980-жылы "Манас" эпосундагы фразеологизмдер" деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. 1993-жылдан 2003-жылга чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинде кыргыз тили кафедрасынын башчысы кызматын аркалаган. 2003-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин түрк филологиясы кафедрасынын башчысы, акыркы учурда ошол эле кафедранын профессору болуп эмгектенип келген. Профессор Раимжан Эгембердиев студенттерге кыргыз тили, түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы жана кыргыз тилиндеги фразеологизмдер боюнча тандоо курстарында узак жылдар лекция окуп, семинардык сабактарды өтүү менен бирге илимий изилдөө иштерин да жигердүү жүргүзүп келген.
edita