SerepTV Logo

Эверест чокусун кыргыз альпинисти багындырды

Эверест чокусун кыргыз альпинисти багындырды
Кыргызстандык Эдуард Кубатов Жердин эң бийик чокусу болгон Эверестти багындырды. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Александр Абрамов соцтармактагы баракчасына жазды. "Эверест-1" командасы бийиктикке чыкты. Азыр кайра түшүп баштайбыз. Аба-ырайы жакшы. Өтө катуу эмес шамал согуп жатат. Балким, арабызда рекорд чыгар, команданын курамында биринчи израилдик жана биринчи кыргыз чокуну багындырды", - деп жазган ал. Непал менен Кытайдын чектеш жеринде орун алган Эвересттин деңиз деңгээлинен 8 миң 849 метр бийиктикте жайгашкан. Буга чейин аны 5 миңден ашуун адам багындырган, бул опурталдуу иште каза тапкандар да көп. Кыргыз өлкөсүнүн атынан биринчи жолу 1997-жылы Дмитрий Греков чокуга чыккан. Ал эми Эдуард Кубатов экинчи адам болуп калды.
SuperTV