SerepTV Logo

Алыс жолго чыга тургандарга кулак кагыш! Тоолуу райондорго кар көчкү түшүшү мүмкүн

Алыс жолго чыга тургандарга кулак кагыш! Тоолуу райондорго кар көчкү түшүшү мүмкүн
1-февралдан 3-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. "Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жолунун 68-100 чакырымдарында ("Чапчыма" ашуусу) жана Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүп, күрткү жаралышы мүмкүн. Жолдор тоңголок болот", — деп айтылат маалымтта. Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертти.
Unknown Author