SerepTV Logo

"Эшикти ачууга күчү жетпей". Чүйдө улгайган апа эки небереси менен батирде камалып калган

"Эшикти ачууга күчү жетпей". Чүйдө улгайган апа эки небереси менен батирде камалып калган

ӨКМдин куткаруучулары үйдө бекилип калган жарандарга жардам беришти. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-август күнү Сокулук районундагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан батирдин эшиги жабылып калган. Сокулук райондук №23 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу саат 21:18де жерине чыгып, 22:00дө эшигин ачып беришкен.

Үйдүн ичинде улгайган апа менен эки небереси камалып калып, өз күчтөрү менен эшигин ачалбай жаткандыктан жардам сурап кайрылышкан. Жыбыркагандар жок.