SerepTV Logo

Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору кармалды

Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору кармалды
Акча талап кылуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, шектүү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мектептерде республикалык бюджеттен бөлүнүүчү акча каражаттарын чыгымдоо боюнча аудитордук текшерүү жүргүзгөндүгү аныкталды. Ошол эле учурда ал материалдык пайда алуу максатында Ысык-Ата районунун билим берүү тармагынын кызматкерлеринен текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жашырып, оң аудитордук корутунду чыгаргандыгы үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча талап кылып, 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="281717,281718,281719"]