Эсептөө палатасы Жогорку Кеңешке отчёт берди
Кечээ, 16-июнда Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчёту Жогорку Кеңешке сунушталды.
Отчёт Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралып, аны Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов сунуштады. Анын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жыл ичинде мекеме бекитилген планга ылайык 88 аудитордук иш-чара жүргүзүп, кеңири масштабдагы көзөмөл ишин ишке ашырган.
Бул иш-чаралардын алкагында 1 848 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүм аудиттен өткөрүлгөн. Алардын катарын төмөнкүдөй субъекттер түзөт:
- 1 150 бюджеттик мекеме;
- 351 чарба жүргүзүүчү субъект;
- 339 жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекеме жана уюм;
- 8 башка уюм жана түзүм.