Эсептөө палатасы Билим берүү министрлигиндеги аудиттин жыйынтыктарын жарыялады
Эсептөө палатасы 2023-жылга карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарын жарыялады.
Аудиттин жүрүшүндө министрликтин жана анын ведомстволук уюмдарынын финансылык ишмердүүлүгү, бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы талданып, төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөр белгиленди:
- Билим берүү тармагында Кыргыз Республикасында 89 жогорку билим берүү мекемеси бар (33 мамлекеттик, 56 жеке менчик), аларда 222 699 студент билим алат;
- Орто кесиптик окуу жайларында 100 728 студент, кесиптик лицейлерде 31 455 студент билим алат;
- 2070 мектеп каржыланып, 1 263 191 окуучу билим алат, 94 683 мугалим эмгектенет.
- Бюджеттин аткарылышындагы кемчиликтер — 346380,1 миң сом;
- Бюджет долбоорун түзүүдө жана кароодо бузуулар — 26 039,2 миң сом;
- Мүлктү пайдаланууда мыйзам бузуулар — 35 439,7 миң сом;
- Бухгалтердик эсеп жана отчеттук документтердеги бузуулар — 314 465,5 миң сом;
- Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы бузуулар — 1 230,1 миң сом.