SerepTV Logo

24-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ош облусунун кээ бир райондорунда, жаан жаап, карга айланат, тоо этектеринде кар жаайт. Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдордо муз тоңот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11; Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7; Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7; Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +7…+9 градус болот.