SerepTV Logo

Эртеңкиге карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртеңкиге карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 5-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1; Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5; Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6; Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7 градус суук. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -1…+1 градус жылуу.