SerepTV Logo

4-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

4-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 4-июлда түнкүсүн Нарын облусунун айрым райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39; Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз+33…+38; Баткен облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30; Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30; Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24 градус, күндүз +37…+39 градус болот.