SerepTV Logo

Аба ырайы: эртең күн ачык болот

Аба ырайы: эртең күн ачык болот
Кыргызгидромет борбору эртең, 29-декабрда өлкө боюнча жаан-чачын болбойт деп билдирди. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +5…+10, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5, Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9. Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы -4…-6, күндүз +5…+7 градус болот.