Эртеңден баштап электр энергиясына карызы барлардын жарыгы өчүрүлөт
«Түндүк электр» ишканасы 29-июндан тартып карызы бар абоненттерди аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
"29-июндан тарта «Түндүк электр» ишканасы электр энергиясына мониторинг жүргүзүү жана өлчөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутуму дебитордук карызы үчүн Бишкек шаарындагы 6,8 миңден ашуун үй абоненттерин аралыктан өчүрөт", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы тиричилик абоненттеринин дебитордук карызы 3 миллион 41 миң сомду түзөт.