SerepTV Logo

Эртең Ташиевге операция жасалат

Эртең Ташиевге операция жасалат
Эртең, 12-февралда Германия өлкөсүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге операция жасалат. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти. Маалыматка ылайык, Ташиевге эртең, 12-февралда жүрөгүнө Бишкек убактысы боюнча саат 13:00 чамасында операция жасалат. Белгилей кетсек,буга чейин Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу башкы кардиохирург Калдарбек Абдраманов ага чет өлкөдө дарыланып келүүсүн сунуштаганын айтып, Ташиев 6-февралда эмгек өргүүгө чыкканын билдирген. Жана кийинчерээк дарылануу үчүн Германияга учуп кеткени айтылган.
Unknown Author