SerepTV Logo

13-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

13-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 13-мартта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт. Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9; Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11; Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13; Нарын облусунда түнкүсүн 1…+6, күндүз +5…+10; Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3 градус, күндүз +6…+8 градус болот.
Unknown Author