SerepTV Logo

"Таңкы жана кечки маалда". Өлкөдө электр энергиясына болгон чектөө боюнча рейд жүрөт

"Таңкы жана кечки маалда". Өлкөдө электр энергиясына болгон чектөө боюнча рейд жүрөт
"Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясы бөлүштүрүүчү компанияларга өлкөнүн бардык аймагында эртең менен жана кечкисин рейддерди өткөрүү тууралуу билдирүү берди. Бул маалыматты аталган ишканадан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырасташты. "Рейддин максаты — кафе, ресторан, мончо, сауна, парктар, дүкөндөр жана башка ушул сыяктуу жайлардагы жарнамалык жана көчө жарыктарын өчүрүү. Мындай билдирүү «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр» жана «Жалал-Абад электр» мекемелерине берилген. Мындай буйрукка «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Замирбек Ходжомамбетов 27-сентябрда кол койгон",- деп жазылат маалыматта.