SerepTV Logo

Эртең күндүз Бишкектин "Жеңиш" конушунда суу өчүрүлөт

Эртең күндүз Бишкектин "Жеңиш" конушунда суу өчүрүлөт
Эртең, 18-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин Бишкектин Жеңиш конушундагы турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ичүүчү сууну өчүрүү "Жеңиш" суу топтомосундагы жана  шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.