SerepTV Logo

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт
Эртең, 4-мартта Бишкектин Ак-Бата, Ак-Жар жана Келечек конуштарында таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Жаз-жай мезгилине даярдануу максатында Ак-Бата, Ак-Жар суу алгычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине байланыштуу 4-мартта эртең мененки саат 9дан баштап ичүүчү суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Саат 17:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында, анын ичинде №43, №87 мектептер, №21 муниципалдык аймактык башкаруу имараттарында дагы таза суу берүү убактылуу токтотулат. Жаңы конуштардын жана социалдык-маданий объектилердин бардык жашоочуларына МТУ жана кварталдык комитеттердин төрагалары аркылуу ичүүчү суунун өчүрүлүшү жөнүндө кошумча эскертүү берилет", - деп айтылат маалыматта.
edita