SerepTV Logo

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт
Эртең, 29-июлда саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Өчүрүү району: •10-кичи району; •Масалиев – Айтматов проспектиси – Абдрахманов - Садырбаев көчөсү; •Масалиев – Айтматов проспектиси – Токтоналиев – Гшлиессер көчөлөру менен чектешет. Диаметри 500 мм болгон ЭЧЖК резервуарларды оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
edita