SerepTV Logo

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы жок болот. Тизме

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы жок болот. Тизме
Эртең, 7-июнь күнү Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты. Ишкананын кызматкерлери электр жабдууларын оңдоп, көмөк чордондорду тейлей турганы айтылды. Жарык өчүрүлө турчу райондор жана убактысы:
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — "Туңгуч" кичи району (№ 3, 12, 17/2 үйлөр);
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Токтогул, Калык Акиев, Сыдыков, Айкөл, Малышев, Краснодонцев, Баялинов, Багратион, Минск көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө, Беломорский кууш жолунда жана "Көлмө", Ак-Өргө" (Ак-Чөлмөк, Жаңыл-Мырза, Кербез, Өмүр, Алты-Бакан, Ак-Бата) жаңы конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт.
  • 9:30дан 17:00гө чейин — 10-кичи райондогу № 17 үй;
  • 9:30дан 19:00гө чейин —Жибек-Жолу проспектиси, Токтоналиев, Шопоков, Ибраимов, Жумабек, Таш-Көмүр (№ 2/1, 2/2 үйлөр) көчөлөрүндө жана Чоң Чүй каналынын аймагында Сүйүмбаев көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейин;
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — "Көк-Жар" (Керемет, Куйручук, Жеңижок, Тоң, Көк-Жар, Коңорчок) жаңы конушунда;
  • 11:00дөн 17:00гө чейин — "Кара-Жыгач" (Дордой, Исакеев, Көк-Ойрок, Ысык-Көл, Кожомкул, Жетиген көчөлөрүндө) жарык убактылуу өчөт.