SerepTV Logo

Эртең Бишкектин айрым аймактарында муздак суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым аймактарында муздак суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, өчүрүүнүн себеби - Батыш суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү техникалык тейлөө жана оңдоо иштери. Садыгалиев көчөсү, БЧК, Фучик көчөсү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта, ошондой эле Кызыл-Аскер, 110-квартал жана Достук кичи районунда 19-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин муздак суу болбойт.