SerepTV Logo

Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык убактылуу өчүрүлөт. Тизме

Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык убактылуу өчүрүлөт. Тизме
Эртең, 17-февраль күнү Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана конуштарында күнү жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу Түндүк электр  ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти. Мекеменин маалыматка ылайык, жарык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Тизме: 9:00дөн 16:30га чейин — Тоголок Молдо жана Линейный көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө; 9:00дөн 17:00гө чейин — Жибек Жолу проспектинин, Байтик баатыр, Абдрахманов, Сеченов, Муса Жалил, Лермонтов, Тыныстанов, Дзержинский, Набережный, Магаданский, Үсөнбаев, Васильев, Щусев, Күрөңкеев, Каралаев, Щербаков көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Амбуринский туюк көчөсүндө; 9:30дан 11:00гө чейин — Жибек Жолу проспекти менен Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү; 9:00дөн 17:30га чейин — Ак-Босого (Чүй-58ден Чүй-61ге чейин) конушунда; 11:30дан 13:30гө чейин — Скрябин көчөсүнүн Матросовдон Кара-Дарыяга чейинки бөлүгүндө; 12:00дөн 17:00гө чейин — Арча-Бешик (Он-Арча, Айылчиев, Кара-Коо көчөлөрү) конушунда; 13:00дөн 14:00гө чейин — Кулатов, Чехов, Панфилов, Ашхабад, Медеров, Горький, Темиров көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жана Ашхабад туюк көчөсүндө.
Unknown Author