SerepTV Logo

Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык убактылуу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык убактылуу өчүрүлөт
Эртең, 8-июлда Бишкектин кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти. Бригадалар Бишкекте жана жаңы конуштарда трансформатордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт. Электр энергиясы убактылуу өчүрүлө турган аймактар:
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Саманчин (№ 5 үй) көчөсү, Айтматов проспектиси (№ 303, 325 үйлөр), Гастелло, Панфилов, Горький көчөлөрүнүн жана Ашхабад тар көчөсүнүн айрым бөлүктөрү;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушу (Арча-Бешик, Магистраль көчөлөрү);
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Суванбердиев, Бектенов, Юнусалиев көчөлөрүнүн, Бийский, Нежинский тар көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү жана 12-кичи район (№ 65/2, 62, 63, 64, 65, 69 үйлөр);
  • 9:30дан 19:00гө чейин — Орто-Сай айылы (Предгорная, Иманалиев, Балык Кумар, Южная, Лесхоз көчөлөрү);
  • 9:35тен 18:20га чейин — Үсөнбаев, Ибраимов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.