SerepTV Logo

Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт
Шейшемби күнү, 27-июлда, Бишкек шаарынын айрым аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдирди. Атайын бригада жабдууларды оңдоп, чубалгыларга тоскоолдук кылган бактардын шактарын кесет. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушунда (Ойсул-Ата, Миң-Куш, Кара-Кужур, Шералиев, Тогуз Түтүн, Арча-Бешик көчөлөрү);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги №303/25 үйдө;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — 10-кичи райондогу №6 үйдө;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Жантөшев көчөсүнөн Суванбердиев көчөсүнө чейинки бөлүгү, Охотный, Суусамыр кууш көчөлөрүндө;
  • 9:30дан 18:30га чейин — Аламүдүн-1 кичи районундагы № 5-10 үйлөрдө.