SerepTV Logo

Эртең Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
29-майда Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирүү таратты. Шаар ичиндеги электр жарыгы өчүрүлө турган даректер: 9:00дөн 17:00гө чейин — 10-кичи районундагы № 9 көп кабаттуу үйдө, Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө; 9:40тан 16:00гө чейин — Боталиев, Сеченов, Тыныстанов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө; 10:00дөн 17:00гө чейин — Москва көчөсүндөгү № 53 үйдө, Беларусь көчөсүнүн айрым бөлүгүндө жана Чатыр-Көл кууш көчөсүндө; 12:00дөн 17:00гө чейин — Юнусалиев, Ахунбаев жана Койбагаров көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө; 13:00дөн 17:00гө чейин — Щербаков көчөсүнүн айрым бөлүгүндө, Изюм жана Булак кууш көчөлөрүндө;
Unknown Author