SerepTV Logo

Эпидкырдаал курчуп барат. Бишкек мектептери 1-апрелде ачылабы?

Эпидкырдаал курчуп барат. Бишкек мектептери 1-апрелде ачылабы?
1-апрелде Бишкек мектептери ачылар-ачылбасы бүгүн республикалык штабдын отурумунан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу мектеп директорлору менен болгон жолугушууда баш калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди. Анын айтымында, COVID-19 боюнча кырдаал өзгөрүп баратат, көрсөткүчтөр өсүүдө. "Бирок биз 1-апрелде мектептерди ачабыз деп үмүттөнүп жатабыз. Бул чоң жоопкерчилик, коронавирус менен ооругандар мектепке келип албашы үчүн биз балдарды, мугалимдерди көзөмөлдөп турушубуз керек. Бүгүн саат 16:00дө Республикалык штабдын Артем Новиков катышкан отуруму болот, ошондо 1-апрелге байланыштуу маалымат айтылат",- деди ал. Маалыматтарга караганда, 1-январдан 26-мартка чейин Бишкекте 2 911 учур катталды. Алардын ичинен 1 737 учур лабораторияда тастыкталган, 1 203 учур клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган. Алардын арасында 14 жашка чейинки -  172 бала, 15-17 жаштагы -  57 өспүрүм, 18-19 жаштагы 399 жаран, 30 жаштан жогорку 1 692 киши бар. Офлайн окутуу башталгандар бери, тактап айтканда, 18-январдан 9-мартка чейин 18 мектептен коронавирус аныкталган.
Unknown Author