Эпидемиологиялык кырдаалдан улам бир катар эл аралык каттамдар токтотулду
Эпидемиологиялык кырдаалдан улам бир катар эл аралык аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.
Төмөнкү эл аралык каттамдар токтотулду:
«Авиа Траффик» аба компаниясынын:
- Бишкек-Воронеж-Бишкек каттамы ушул жылдын 3-апрелинен 25-апрелине чейин;
- Бишкек-Грозный-Бишкек каттамы 30-марттан 6-апрелге чейин;
- Бишкек-Иркутск-Бишкек каттамы 1-апрелден 29-апрелге чейин;
- Бишкек-Казань-Бишкек каттамы 5-апрель;
- Бишкек-Краснодар-Бишкек каттамы 2-май;
- Бишкек-Красноярск-Бишкек каттамы 30-март;
- Бишкек-Новосибирск-Бишкек каттамы 32-марттан 2-апрелге чейин;
- Бишкек-Сургут-Бишкек каттамы 3-апрель.