SerepTV Logo

Республикалык штаб Бишкек, Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барбоону сунуштады

Республикалык штаб Бишкек, Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барбоону сунуштады
Өлкө аймагына COVID-19 коронавирус инфекциясынын кирүүсүнүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб татаал эпидемиологиялык абал байкалып жаткан Кыргыз Республикасынын аймактарына жарандардын баруусун минималдаштырууну сунуштайт. Атап айтканда, акыркы мезгилде коронавирус инфекциясы көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууну чектөө сунушталат. Республикалык ыкчам штаб башка региондордо жашаган жарандарга эпидемиологиялык абал турукташканга чейин аталган аймактарга барууну чектөөнү сунуштоодо. Ошондой эле жарандарды медициналык беткаптарды тагынуу, колду дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоого чакырат. Мындан тышкары, ар кыл массалык иш-чараларга катышуудан жана адамдар көп чогулган коомдук тамактануу жайларына баруудан алыс болуу сунушталат.
Unknown Author