Эмомали Рахмондун туугандары Тажикстандын саламаттыкты сактоо министрин ур-токмокко алышкан
Тажикстандын башчысынын үч жээни Эмомали Рахмондун дарыгерлери жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы баш болгон чиновниктерди сабашты. Бул тууралуу Озоди радиосу өз булактарына таянуу менен жазды.
Белгиленгендей, окуя 20-июль күнү кечинде, COVID-19дан Тажикстандын президентинин карындашы Курбонби Рахмонова каза болгондон кийин болгон.
Ур-токмоктун кесепетинен Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министри Жамолиддин Абдуллозода жана мамлекет башчысынын аткаруу кеңсесине караштуу Медициналык борбордун башчысы Холмахмад Рахимзода оор жаракат алышкандыгын Ички иштер министрлигиндеги булактар билдиришкен.
Тажикстандын башчысынын карындашын дарылоо үчүн Германия, Орусия жана Өзбекстандан тажрыйбалуу адистер чакырылган. Алар президенттин бир тууган эжеси көз жумардан эки саат мурун тажик дарыгерлеринин бейтапты дарылоо ыкмасын туура эмес деп аташкан.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисинин сабалышы боюнча маалыматка бийлик эч кандай комментарий бербейт.
21-июлда Тажикстандын президентинин карындашы көз жумган. ЖМКлар анын коронавируска шектелип, ооруканага жаткырылганын жазып чыгышкан.