SerepTV Logo

Эмне үчүн Рахман Разыковдун өлүмү бүгүнкү статистикада жок? Министрликтин жообу

Эмне үчүн Рахман Разыковдун өлүмү бүгүнкү статистикада жок? Министрликтин жообу
Бүгүн, 8-июнга карата өлкөдө коронавирус илдетинен 7 адам көз жумду. Адам өлүмүнүн бардыгы Бишкек шаарында катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев маалымат жыйын учурунда билдирди. Ал эми кечээ, 7-июнда Оштогу ооруканада куудул Рахман Разыков дал ушул илдеттен каза болгон. "Куудулдун өлүмү эмне үчүн министрлик тараткан статистикага кирген жок?" деген суроо менен СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышты. "Ооба, Рахман Разыков чындыгында эле ооруканада каза болду. Бизде коронавирустан каза болгондор үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ал комиссияга аймактардагы ооруканадан каза болгон жарандын документтери келип түшөт. Комиссия анын документтерин карап, тыянак чыгарат. Тыянак адам каза болгондон кийин 1-2 күндө чыгарылат. Ошондо гана статистикага кошулат", - дешти министрликтен.