SerepTV Logo

Эмне үчүн карантинди бузгандар жана бет кап тагынбагандар жазаланбайт?

Эмне үчүн карантинди бузгандар жана бет кап тагынбагандар жазаланбайт?

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева журналисттерге жарандар эмне үчүн карантинди бузгандыгы жана бет кап тагынбагандыгы үчүн жазаланбай жаткандыгын түшүндүрдү.

Анын айтымында, Жазык кодексинде мындай пункт жок. «Биз бул маселе боюнча юристтер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен иштештик. Бет кап тагынбагандарга айып пул төлөөгө болбойт дешти. Эгер бул мыйзамдык деңгээлде киргизилсе, анда биз жазаны колдоно алабыз. Учурдагы алгоритмдерди бузган кафе жана ресторандарга айып пул салынат. Жаза кылмыш иши козголгонго чейин берилет”, - деди ал. 

«Акыркы вирусту оорунун белгилерисиз алып жүрүшөт, пневмония менен катталгандар аз. Бул албетте жакшы, бирок түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгына карабастан элдер санитардык чараларды сакташпайт. Бардык акимиаттар дүкөндөргө, базарларга, маршруттук таксилерге барып, бет кап таратышат. Анан адамдар агрессивдүү, аны кийүүдөн баш тартышат", - деп нааразы болду Виктория Мозгачева.