SerepTV Logo

Эмне үчүн Бишкекте коронавирусту жуктургандар кескин көбөйдү? Мэриянын жообу

Эмне үчүн Бишкекте коронавирусту жуктургандар кескин көбөйдү? Мэриянын жообу

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева журналисттерге COVID-19 оорусунун кескин өсүшүн түшүндүрдү. Анын айтымында, борбор калаада оору жуктуруу боюнча абал туруктуу - күнүнө 500-600 жаңы учур катталып жатат. «Бүгүнкү күнү көрсөткүч жогору, анткени менчик лабораториялар үч күндүн статистикасын бир күндө беришти. Булардын бардыгы бүгүнкү статистикада камтылган. Мындайча айтканда, шаарда кескин өзгөрүүлөр болгон жок”, - деди вице-мэр.

Ал белгилегендей, күн сайын ооруканага жаткырылгандардын саны стандарттуу - күнүнө 65-70 адам. Калгандарынын бардыгы амбулатордук негизде, оорунун жеңил түрүнөн дарыланат. «Акыркы протоколго ылайык, тамчылаткычтар дээрлик колдонулбайт. Бейтаптар таблетка менен дарыланат», - деп түшүндүрдү вице-мэр. Виктория Мозгачеванын айтымында, буга чейин адамдар ар кандай пикирден улам ПЦР-тесттен коркушкандыгын кошумчалады. Бүгүнкү күндө алар лабораторияга жеңил симптомдорду сезгенден кийин (жөтөлүү, чүчкүрүү) өз алдынча барып жатышат. Бул статистикага таасир этет.

Шаарда кырдаал курч, бирок туруктуу. Эс алууга али эрте. Бет кап тагынып, карантинди сактоо керек. 

Бүгүн, 30-июнга карата берилген статистика боюнча Кыргызстанда 1965 адамдан коронавирус аныкталган. Анын 1490 учуру Бишкекте катталды.