SerepTV Logo

"Эмне жүрөсүңөр?" Транспорт министри Нарын-Баетов жолун 10 күндө бүтүрүүнү тапшырды

"Эмне жүрөсүңөр?" Транспорт министри Нарын-Баетов жолун 10 күндө бүтүрүүнү тапшырды
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын-Баетов унаа жолундагы курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти. Сыргабаев аталган жолдун 8-13-чакырымдар аралыгындагы иштин жүрүшүн сынга алып, 10 күндүн ичинде асфальт басуу тапшырмасын койду. Ошондой эле, министр Нарын-Баетов жолундагы 72 метр көпүрөнүн курулушун тездетүүнү тапшырды.
edita