"Эмнеге 180 градуска өзгөрүп жатат?". Депутат Орунтаевди түшүнбөй жатканын айтты
Жогорку Кеңештин 15-январындагы жыйынында депутат Гуля Кожокулова Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев эмнеге оюн өзгөртүп жатканына кызыкты.
- Буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды (парилка) салууга уруксат берүүнү сунуштаган. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.