SerepTV Logo

Келерки жылы Бишкекте кайсы көчөлөр оңдолот? Мэрдин жообу

Келерки жылы Бишкекте кайсы көчөлөр оңдолот? Мэрдин жообу

Бишкек шаарында 2025-жылга 7 негизги көчөнү оңдоо пландалып, 3 жаңы жолдун курулушу башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди.

Жалпы узундугу 15,3 чакырымды түзгөн 7 көчөнү реабилитациялоо пландалууда. Алар:
  • Шабдан Баатыр (Чүй) көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (1,7 км);
  • Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин (3,2 км);
  • Жибек Жолу проспектиси Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (1,8 км);
  • Жаш Гвардия бульвары Жибек Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин (1,9 км);
  • Лев Толстой көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин (3,2 км);
  • Москва көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Фучик көчөсүнө чейин (1 км);
  • Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин (2,5 км).

Мындан тышкары, 10,5 чакырымды түзгөн 3 жолду реконструкциялоо иштери жүрөт.

Алар:
  • Сухэ-Батор көчөсү 7-апрель көчөсүнөн  Ауэзов көчөсүнө чейин;
  • Ауэзов көчөсү Сухэ-Батор көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин;
  • Ахунбаев көчөсү Достоевский көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;

"Бул көчөлөрдө жолдор оңдолуу менен бирге көпүрөлөр да курулат. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, эгер макулдашсак улантабыз", - дейт шаар мэри маегинде.