SerepTV Logo

Эмилбек Каптагаев: "Опера жана балет театрына кайдагы Лениндин атын жабыштыруунун кандай зарылдыгы бар?"

Эмилбек Каптагаев: "Опера жана балет театрына кайдагы Лениндин атын жабыштыруунун кандай зарылдыгы бар?"
Кемчонтойлордун оюна койсо, биздин өлкө эки Ленин, элдердин достугу жана Октябрь революциясы ордендүү Кыргыз Республикасы деп аталат окшойт. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун директору Эмилбек Каптагаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, ага мындай ой Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын "Ленин ордендүү театр" деген аталышка өзгөртүлгөндөн улам келген. "Эми кемчонтойлордун оюна койсо, биздин өлкө "эки Ленин, элдердин достугу жана Октябрь революциясы ордендүү Кыргыз Республикасы деп аталышы керек болот го дейм", Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын "Ленин ордендүү театр" деп жаңы аталыш берилди дегенден улам ушул ой келди... Татынакай аталышы турса, кайдагы Лениндин атын жабыштырыштын кандай зарылчылыгы бар эле дейм да театрга", - деп жазды ал.  
edita