Эми Бишкектен Батумиге түз учса болот
Эми Кыргызстандан Грузияга түз учууга мүмкүн. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти. Маалыматка караганда, Батумиге түз каттам ачылган.
Бишкек-Батуми-Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамды «Эйр Манас» авиакомпниясы ишке ашырмакчы. Жаңы каттам 17-июлдан баштап, жумасына бир жолу (ишемби) жүргүзүлмөкчү.