SerepTV Logo

Эмгек министрлиги Орусияда жашаган 15 жашар кызга майыптар коляскасын тапшырды

Эмгек министрлиги Орусияда жашаган 15 жашар кызга майыптар коляскасын тапшырды
Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү 15 жаштагы Кыргыз жаранына майыптар коляскасын тапшырды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. «Биз муктаж болгон бардык жарандарыбызга, өзгөчө майыптыгы бар балдарга жардам көрсөтүүгө умтулабыз. Ар бир Кыргыз жараны жашаган жерине карабастан, өз өлкөсүнөн жардам ала аларына ишениши керек», — деди министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчи орун басары Майрам Мамбетова. Өкүлчүлүк чет өлкөдө жашаган Кыргыз жарандарынын социалдык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жана жаңы шарттарга адаптациялоодо ар тараптуу жардам көрсөтүүдө иш алып барууда.