SerepTV Logo

Эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот?

Эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот?
“COVID-19га каршы эмдөө боюнча сертификатын” онлайн алуу сервисинин жардамы менен жарандар коопсуз жана онлайн режиминде вакцина алгандыгы тууралуу сертификатты ала алышат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. ➡️ Ал үчүн vc.emed.gov.kg расмий сайтынын “Сертификат” бөлүмүнө кирип, төмөнкү маалыматты терүү жетиштүү. Кыргызстандын жарандары үчүн персоналдык идентификациялык номер, ID-картанын сериясы жана номери. Чет элдик жарандар үчүн паспорттун номери жана аты-жөнү. ?Сертификат pdf-форматында, индивидуалдуу белгиленген QR-код менен чыгарылат. ? Электрондук сертификатты алуу үчүн электрондук кол тамга кереги жок.