SerepTV Logo

Эмдөөдө медайымдын кол капсыз жүргөнү талкуу жаратты. Министрликтин жообу

Эмдөөдө медайымдын кол капсыз жүргөнү талкуу жаратты. Министрликтин жообу
Кечээ, 29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө иштери башталды. Биринчилерден болуп, вакцинаны саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев алды. Соцтармакта министрге вакцина сайган медайымдын кол капсыз жүргөнү катуу талкууга алынды. Сереп Медиа маалымат агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына байланышып, эмдөө алып жаткан киши жана медайым кандай эрежелерди сакташы керектигин тактады. "Инфекциялык көзөмөлдө каралган жоболор боюнча эмдөө учурунда кол кап кийүүнүн зарылдыгы жок. Эмдөөчү кабинетте медайым колун дезинфекциялап алышы үчүн бардык шарттар каралган. Медайым биринчи колун туура жууп, асептика жасап, анан вакцинаны саят. Эмдөө алган адам 3 күн укол сайылган жерине суу тийгизбеши керек. Алкоголдук ичимдиктерди ичпей, оор жумуштарды кылбашы зарыл», - дешти мекемеден. Ошондой эле бүгүн министрдин абалы жакшы экенин кошумчалашты. "Министр бүгүн адаттагыдай эле жумушта. Азыр кеңешмеге кирип кетти", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Unknown Author