SerepTV Logo

Электр үчүн жаңы тарифтер сентябрга чейин күчүнө кирбейт

Электр үчүн жаңы тарифтер сентябрга чейин күчүнө кирбейт
Садыр Жапаров электр энергиясы үчүн сунуштап жаткан жаңы тарифтер үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин күчүнө кирбейт. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйыны учурунда билдирди. Журналисттер ага электр энергиясына болгон жаңы баа качан бекитилери жөнүндө суроо узатышты. Министрдин айтымында, тарифтер боюнча сунуш коомдук талкууга коюлат. Ар бир жаран бул боюнча өз сунушун бере алат. Алардын бардыгы эске алынып, кээ бири кабыл алынат. Ушундан кийин гана өкмөткө долбоор жөнөтүлөт. "Бардык процедуралар август айынын соңуна чейин аякташы керек", — деди министр. Кечээ, 21-апрелде президент Садыр Жапаров электр энергиясына болгон баа саясаты кайра карала турганын билдирген. Анын сунушу боюнча, керектөөчүлөр 3 категорияга бөлүнөт. 1-категорияга аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кирип, бир киловатт/саат үчүн 74 тыйындан төлөшөт. 2-категорияга тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондордо жашагандар кирип, 1 сом 4 тыйындан төлөшөт. 3-категорияга жашоо-шарты «Кудайга шүгүрлөр» кирип, 1 сом 48 тыйындан төлөп калат. Акыркы категориядагылар кышкы мезгилдерде саатына 1000 киловаттан ашса, 2 сом 29 тыйындан төлөйт.
Unknown Author