Электр энергиясы үчүн карызы бар 8 миңден ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөт
"Түндүк электр" ишканасы бүгүн Бишкекте карызы бар 8,1 миң абоненттин жарыгын өчүрүү иштерин баштайт. Бул туурасында компаниянын маалымат кызматынан билдиришти.
Электр энергиясы акылдуу эсептегичтин жардамы менен аралыктан эле өчүрүлөрү айтылды. Мындан улам "Түндүк электр" бересеси бар абоненттерге кайрылып, акчаны убагында төлөөгө чакырды. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн компаниянын сайтында "Абоненттин балансы" деген бөлүм каралган. Ал жактан жарандар каалаган убагында карызын текшере алышат. Ошондой эле 1209 номериндеги күнү-түнү иштөөчү колл-борборго чалып же (0551) 00-12-09 WhatsApp номерине жазып биле алышат.
Электр энергиясы үчүн төлөмдөр Quickpay, Pay24, UMAI, KICB жана БТА Банктын терминалдары жана UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле "Айыл Банк", ДосКредобанк", БТА Банк, "Кыргызстан" коммерциялык банкы жана "Кыргыз почтасы" ишканасынын кассасынан төлөөгө болот.