SerepTV Logo

Электр энергиясы кымбаттайбы? Өкмөт жарык үчүн тарифти жогорулатуу планын иштеп жатат

Электр энергиясы кымбаттайбы? Өкмөт жарык үчүн тарифти жогорулатуу планын иштеп жатат
Энергетика министрлиги жарык үчүн тарифти жогорулатуу планын иштеп жатат. Бул тууралуу маалыматты аталган министрликтин маалымат кызматынан тастыкташты. Мекеменин айтымында, өлкөдө электр энергиясына болгон тариф дүйнө жүзү боюнча эң төмөн. Жана энергетика тармагын реформалоо боюнча капиталдык программага жана өнүктүрүүгө тийиштүү өлчөмдө мамлекеттик кызынадан каражат бөлүнбөйт. "Электр энергиясын өндүрүүдөн азыркы тариф менен түшкөн каражат, мекеменин чыгымдарынан жаппай калууда. Мындан улам чыгымдарды оптимизациялоо муктаждыгы жаралды. Ошондуктан министрлик жарык үчүн тарифти жогорулатуу планын иштеп жатат. Эгер бул маселе каралбаса авария жана өчүрүүлөр көбөйүшү мүмкүн", — деп билдиришти министрликтен. Ошондой эле алар өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекет электр энергиясынын бир киловатт-сааты үчүн эки сомдон ашыгыраак чыгымга учурап жатканы белгилешти. Жана министрлик энергетика жана өнөр жай министрлиги тариф адилеттүү жана экономикалык жактан негиздүү болушу керек деп эсептейт.
Unknown Author