"Эльдорадо" соода борбору ишкерлерди тейлөөчү мекеме болот
Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан "Эльдорадо" соода борборунда ишкерлерди тейлөөчү алгачкы борбор ачылат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев өкмөтүнүн биринчи кезектеги чаралар тууралуу 100 күндүк планын ишке ашыруу боюнча жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул борбордо 10 дон ашык мамлекеттик орган кызмат көрсөтөт. Бирок бүгүнкү күндө айрым ведомстволор тарабынан административдик регламентти иштеп чыгуу жай жүрүүдө, бул ишти бир аз кечеңдетип жатат.
Ишкерлерди тейлөө борборунда төмөндөгү мамлекеттик органдар кызмат көрсөтүшөт:
-Тышкы сооданын бирдиктүү терезе борбор;
-Мамлекеттик салык кызматы;
-Мамлекеттик бажы кызматы;
-Баалуу металдар департаменти;
-Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
-Тышкы иштер министрлиги;
-Траспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги;
-Соода-өнөр жай палатасы;
-Бизнес-омбудсмен;
-Насыя берүү боюнча ишкерлерди колдоо фонду;
-Кепилдик фонду;
-Мамлекеттик ипотекалык компания;
-Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду.
“Азыркы учурда мамлекеттик органдар өздөрүнүн функциясын карап, маселелерди иштеп чыгууда”,-деп билдирген Данияр Иманалиев жыйында.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган соода борборго Калкты тейлөө борбору дагы жайгашары айтылган болчу.
24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген чыгымды төлөгөнүн, анын бир бөлүгүн кыймылсыз мүлк катары кайтарып бергенин айткан эле. Бир нече батир менен кошо Матраимов Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан "Эльдорадо" соода борборун мамлекетке берген.