Элчилик Орусияда соттолгон Кыргыз жарандарынын туугандары менен жолугушту
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде кылмыш жасоого, ошондой эле Орусияда жаза өтөп жаткан Кыргыз жарандарынын туугандары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Жолугушууда Орусияда жашаган Кыргыз жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын көбөйүшүнө байланыштуу актуалдуу маселелер, ошондой эле баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө, коомдук тартипти бузууга, массалык мушташтарга катышуусу талкууланды. Ошону менен бирге жолугушуунун катышуучуларына жазык ишин кароо тартиби, соттолгондордун укуктары, жазык мыйзамында далилдөө, жазаны дайындоо жана өтөө, ошондой эле соттолгондорду жазасын Кыргыз Республикасына өтөөгө которуу тартиби боюнча кеңири юридикалык кеңештер берилди. Консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандын соттолгон жарандарынын ата-энелеринин ар бири менен жеке иш жүргүзүлдү.
Жолугушууда москвалык жактоочу да сөз сүйлөдү жана кармалгандардын, камакка алынгандардын жана соттолгондордун укуктарын коргоо механизмдери тууралуу айтып берди. Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары көтөргөн маселелерди чечүү үчүн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашылды.